Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө

Кыргызстанда 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

03 Mart 2022 22:15

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өттү.

Мелдеш шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өткөрүлөт.

Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, биринчи вице-президенти Петр Бржиза, Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов катышты.

Садыр Жапаров 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатын расмий түрдө ачып, мелдеш Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканы үчүн баарын куттуктап өттү.

"Спортто эң күчтүүсү утат, андыктан күчтүү команда жеңсин", - деди Жапаров.

Эскерте кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Иран, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашат.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өтүүдө.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, хоккей,

Жаңылыктар