Кыргызстанда Хожалы кыргынынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Хожалы курмандыктары эскерилди.

25 Şubat 2021 00:41

Азербайжан Республикасынын Бишкек шаарындагы элчилиги Хожалы кыргынынын 29 жылдыгына карата эскерүү программасын уюштурду.

Иш-чара Хожалыдагы кыргынды чагылдырган сүрөт жана китептердин көргөзмөсү менен ачылды.

Эскерүү иш-чарасына элчилер, академиктер, коомдук жарандык уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана студенттер катышышты.

Алгач курмандыктардын урматына бир мүнөттүк эскерүү болду.

Катышуучуларга кыргынды ашкерелеген «Хожалы» даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

 «Түркия, Тоолуу Карабак согушунан мурда жана согуш болуп жаткан учурда Азербайжанга моралдык, саясий жана дипломатиялык жактан колдоо көрсөттү»

Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оружев, 1992-жылдын 26-февралында Хожалыга басып кирген Армениялык аскердик күчтөрдүн  жайкын тургундарды кыргынга учуратканын баса белгиледи.

Ал кезде шаарда 7000 тургун жашаган.

«Бул кыргын Азербайжан элине гана эмес, жалпы адамзатка каршы жасалган эң чоң кылмыштардын бири. Дээрлик 30 жылдан кийин 44 күндүк согуштун натыйжасында Азербайжан чоң жеңишке жетишип, басып алуу астында турган аймактарын бошотту. Армян шовинисттеринин ырайымсыздыгы эч качан эсибизден кетпейт. Хожалыда курман болгондордун жаркын элеси эч качан унутулбайт»,-деди ал.

Өз кезегинде Тоолуу Карабактагы жерлерди бошотуу операциясына колдоо көрсөткөн Түркияга ыраазычылык билдирди.

«Түркия, Тоолуу Карабак согушунан мурда жана согуш болуп жаткан учурда Азербайжанга моралдык, саясий жана дипломатиялык жактан колдоо көрсөттү. Түркия бир гана Азербайжанга колдоо көрсөткөн жок. Түркия адилеттүлүктү колдоду»,-деп айтты.

Ал эми Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Женгиз Камил Фырат, Азербайжандын даңазалуу армиясы Тоолуу Карабакты бошотконун баса белгиледи. Алдыда бошотулган аймактарды калыбына келтирүү иштери турганын айтып, бул жаатта Түркия Азербайжанга колдоо көрсөтөөрүн айтты.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Проф.др. Алпаслан Жейлан, тарыхта армяндар Эрзурум, Ардахан, Карс жана Ыгдыр аймактарында да геноцид ишке ашырганын эске салды.  2020-жылы Тоолуу Карабактын бошотулушу менен армяндардын 1917-жылдан берки мүдөөсү ишке ашпай, «Улуу Армения» мамлекетин куруу тилеги таш капканын баса белгиледи.

1992-жылдын 25-февралынан 26-февралга караган түнү Хожалыга басып кирген армян күчтөрү, кары-жашы, аялы-эркеги дебей, жайкын тургундарды кыргынга учураткан. Бул түнү, 613 бейкүнөө адам өлтүрүлгөн. Алардын 83ү жаш бөбөк, 106сы аял болгон. Кыргын учурунда 1275 киши туткунга түшкөн.

Жаңылыктар