viii

Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын VIII “Үмүт” форуму старт алды.

Форум Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өтүүдө.

22 Aralık 2020 23:00

Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын VIII “Үмүт” форуму старт алды.

Бүгүн, 22-декабрда Ала –Тоо кинотеатрында КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын VIII “Үмүт” форуму старт алды.

Расмий ачылыш Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун катышуусу менен өтүп, ага жалпы Кыргызстандын киноиндустриясынын өкүлдөрү, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Белоруссия, Өзбекстан жана Армениядан келген жаш киночулар катышты.

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков форумдун ачылышынан кийин Анадолу агенттигине берген маегинде, аты аталган форум жаштар үчүн жакшы платформа экенин баса белгиледи. Өз кезегинде Түркиянын кино тармагындагы ийгиликтерине токтолуп, "боордош өлкө багындырган ийгиликтер бизди да кубантат",- деди.

Белгилей кетсек, бул форум КМШ мамлекеттеринин кинематография жаатындагы режиссёрдук жаңы ысымдарды табуу, таланттуу жаштарды колдоо, кинематография жана деги эле маданият жаатында диалогун өнүктүрүүгө шарт түзүү максатын көздөйт. Форумдун программасында кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар көрсөтүлүп, талкуулар, мастер-класстар жана белгилүү кино ишмерлери менен чыгармачыл жолугушуулар өткөрүлөт.

Форумда сынак эки багытта каралат. Алар, КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун эл аралык конкурсу – жалпы 14 кино катышат. Ал эми, Улуттук жаш кинолоруна жалпы атамекендик 17 тасма көрсөтүлүп, калыстар тобунун элегинен өтүп, байгелер тапшырылат.

 

Жаңылыктар