Кыргызстанда Комуз жумалыгы өтүүдө

“Комуз күнү” майрамы Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максаттайт.

02 Ekim 2020 00:20

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронай Жээнбеков кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы, «биздин элибиз үчүн комуз — жөн гана салттуу музыкалык аспап эмес, маданиятыбыздын туу чокусу „Манас“ эпосу менен катар, бабалардын даңктуу жолун урпактарга күү аркылуу жеткирип турган мурас» экенин баса белгиледи.

Анын куттуктоосунда «Канча жылдар өттү, канча доорлор өттү. Ошол улуу жолубуздун баяны комуз кайрыктарында калып, муундан муунга өтүп, жан дүйнөбүздү ойготуп, улуттук ар намысыбызды шыктандырып келе жатат.

Рух табериги болгон комуздан керемет чыгармалар жаралып, ал күүлөр философиялык тереңдиги, музыкалык көп түрдүүлүгү менен эл аралык аренада таанылып келет.

Эки жылдан бери белгиленип жаткан Комуз күнү жыл сайын салттуу өткөрүлүп, жакшы жөрөлгөгө айланып, республикабыздын маданий турмушунда мындан ары да өзүнүн татыктуу ордун таба берет.

Кылым карыткан кыргыз комузунун добушу таңшый берсин!», -деп айтылат.

Ал арада Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, бул күндү утурлай атайын жумалык жарыялаган. Учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Комуз жумалыгы онлайн форматта өткөрүлүүдө. Программада, залкар комузчуларды эскерүү, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видео сабактар өтүлүүдө.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өлкөдө жарыяланган "Комуз" жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү комузчу жана комуз уста Намазбек Уралиевдин өнөрканасына барды.

Ал арада Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин комузчулар тобу, Атай Огомбаевин 120 жылдык урматына чакан концерт уюштурду.

Жумалык 7-cентябрдан 13-сентябрга чейин уланмакчы.

Жаңылыктар