Кыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды

Бүгүн - 29-мартта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөдөн Кыргызстанда биринчи болуп өттү.

29 Mart 2021 16:07

Кыргызстанда бүгүн, 29-мартта коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды.

Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп шаардагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алды.

Белгилей кетсек 19-мартта Кытайдан SinoPfarm вакцинасынын 150 миң дозасы келген.

Алгач эмдөөдөн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү өтөт.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт.

Кыргызстандв пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 88 163 адамга жетти.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Коронавирус, Эмдөө,

Жаңылыктар