Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө улантылууда

Кыргызстан коронавируска (ковид-19) каршы эмдөөнү Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасы менен баштады

30 Mart 2021 14:20

29-мартта өлкөдө Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналив эмделген. Андан бери жүз киши эмделген.

Алгач эмдөөдөн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү өтүүдө. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлүүдө.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек.

Белгилей кетсек 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза кытайлык SinoPharm компаниясы Кыргызстанга 19-мартта келген.

Бишкекте чектөө чаралары күчөтүлдү

Ал арада Бишкекте 1-апрелден тарта соода, оюн-зоок борборлорундагы балдар аянттары жабыла турган болду. Мындай чечим   эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Азырынча чектөөлөр эки жумага киргизилди. Коронавирус боюнча абалга жараша кайра ачылышы мүмкүн.

Статистика

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү - 30-марттагы маалыматына караганда, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронаввирус 113 адамдан жаңы аныкталды. Бир киши каза болду.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (61).

Өлкө боюнча оору жуккандардын жалпы саны 88 276 адамга жетти. 1498 адам каза болду.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, эмдөө, коронавирус, SinoPfarm вакцинасы,

Жаңылыктар