29

Кыргызстанда коронавируска каршы калкты эмдөө 29-мартта башталат

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавируска каршы калкты эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталаарын билдирди.

25 Mart 2021 13:52

Маалыматка ылайык, алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт.

Учурда Ош шаары жана Чүй облустарына вакцинаны жеткирүү иштери аткарылууда. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүрүүдө.

Эмдөөдө кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. Белгилей кетсек 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта жардам катары келген.

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 106 адамдан табылды. Ушуну менен пандемия башталгандан бери  ооруну жуктуруп алгандардын жалпы саны 87 миң 758 адамга жетти. Алардын ичинен 84 миң 407 киши айыгып чыкты.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, коронавирус, эмдөө,

Жаңылыктар