19

Кыргызстанда Ковид-19 вирусуна каршы аршы күрөштө пайдаланылчу бир катар товарларга КНС төлөнбөйт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан бошотту.

15 Eylül 2020 23:09

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 1-августунун баштап соңуна дейре коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотту. Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасына ташылган товарларга нөл пайыз өлчөмүндөгү КНС коюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан мындай товарлардын максаттуу багыты документ түрүндө тастыкталган шартта колдонулат.

Өлкө аймагында вирус адеп катталган 18-марттан бери COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 999 кишиге жетти. Алардын  1063ү жашоо менен кош айтышты.

 

Жаңылыктар