Кыргызстанда Курман айт намазы мечиттерде окулду

Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Курман айт намазы эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду.

20 Temmuz 2021 09:30

Кыргызстанда айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулду. Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте окулган айт намазына Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, шаар тургундары жана коноктору катышты.

Намаздан кийин Улукбек Марипов элди куттуктап, «Курман айт майрамы кылымдар бою майрамдалып келет жана терең руханий маңызга ээ»,- экендигин баса белгиледи.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган кыргыз тилинде сөз сүйлөп, жалпы мусулман элин курман айт майрамы менен куттуктады.

Муфтий Ракиев Курман айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, курман айт, намаз,

Жаңылыктар