Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанга келип, эс алып кетүүгө чакырды.

21 Aralık 2020 13:26

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, туристтик сезон "Чуңкурчак" тоо лыжа комплексинде ачылып, маданият министри Нуржигит Кадырбековдун, Казакстандын, Россиянын, Тажикистандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулардын катышуусу менен өттү.

Чартердик каттамдар ачылды

Салтанаттуу ачылышта министр Нуржигит Кадырбеков келген меймандарга көңүлдүү маанай жана Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды.

Ал эми журналисттерге берген маалыматында Калыков, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан менен чартердик каттамдар башталганын жана буга чейин коронавируска байланыштуу жабылган чек аралар кайрадан ачылганын билдирип, чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстанга келип, эс алып кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Андыктан, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер пландалып жатат. Учурда өлкөдө «Каракол», «Чуңкурчак», «Орловка», «Төө-Ашуу», «Зил», «Тогуз Булак», «Нооруз», «Оруу-Сай», «Ак-Таш», «Кашка-Суу», «Политех», «Суусамыр», «Чоң-Таш» жана «Ski-Татыр» лыжа базалары бар.

Жаңылыктар