Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Кышкы туристтик сезон “Каракол” тоо лыжа базасында ачылды.

27 Kasım 2021 21:06

Кыргызстанда 2021-2022 кышкы туристтик сезон расмий түрдө “Каракол” тоо лыжа комплексинде ачылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Туризм департаменти, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги, швейцариялык туризмди Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү долбоору, ата-мекендик өнөктөштөр, туристтер жана эс алуучулар катышты.

Салтанаттуу ачылышта министр Азамат Жаманкулов келген бардык меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды. Жаманкулов туризм өлкөнүн бардык аймактарында жумуш орундарын түзүүгө жана айыл экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берүүгө негиз болгон тармак болуп эсептелинээрин айтып, Кыргызстандын туристтик дараметин жогорулатуу жана ага шарт түзүү негизги маселелерден экендигин баса белгиледи.

«Кыргызстан өзүнүн бай тарыхы менен гана эмес, тоолордун жана тоо этектеринин жаратылышынын байлыгы, жумшак климаты менен дүйнөнүн төрт бурчунан миңдеген туристтерди өзүнө тартат. Кыргызстандын туризм тармагы жыл бою жаратылыш койнунда эс алууга багытталган ар кандай түрлөрүн камтыйт»- деп белгиледи.

Кыргызстанда жалпысынан 23 тоо лыжа базасы бар, анын ичинен учурда 17 си иштейт. Кыргызстандагы заманбап тоо лыжа базалары негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, кышкы туристтик сезон,

Жаңылыктар