Кыргызстанда кышкы туризм

Ала-Тоонун этегиндеги лыжа тебүү базалары жергиликтүү жана чет элдик меймандарды өзүнө тартып турат

31 Aralık 2021 20:16

Кыргызстан чокусун кар менен мөңгү каптаган бийик тоолор, тоо ылдый аккан мөлтүр суулар, көлдөр, ар кыл токойлор, шалбаалар менен талаалар, табигый жайыттар жана кен байлыктарга бай өлкө. 

Кыргызстан өзүнүн бай тарыхы менен гана эмес, тоолордун жана тоо этектеринин жаратылышынын байлыгы, жумшак климаты менен дүйнөнүн төрт бурчунан миңдеген туристтерди өзүнө тартат. Кыргызстандын туризм тармагы жыл бою жаратылыш койнунда эс алууга багытталган ар кандай түрлөрүн камтыйт. Борбордук Азиядагы эң кооз жерлердин бири болгон бийиктиги 800 метрге жеткен Кыргызстандын тоолору жаратылышты сүйүүчүлөр жана лыжа тебүүчүлөр үчүн чоң табылга жана зор мүмкүнчүлүк.

Кыргызстанда соңку жылдары кышкы туризм жанданып келе жатканы байкалат. Кыш мезгили келип Ала-Тоо ак карга бөлөнөөрү менен тоо этектерине жайгашкан лыжа базалары жергиликтүү жана чет элдик меймандарды тарта баштайт. Германия, Австрия, Франция сымал Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны арбын.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 23 кышкы тоо лыжа базасы бар, алардын 17си толук кандуу иштейт. 

Белгилей кетсек, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Андыктан, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер пландалып жатат.

Учурда өлкөдө «Каракол», «Чуңкурчак», «Орловка», «Төө-Ашуу», «Зил», «Тогуз Булак», «Нооруз», «Оруу-Сай», «Ак-Таш», «Кашка-Суу», «Политех», «Суусамыр», «Чоң-Таш» жана «Ski-Татыр» лыжа базалары бар. Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан. Дээрлик бардык тоо лыжа комплекстери жана базаларында жабдууларды ижарага алуу мүмкүнчүлүгү жана окутуу үчүн тажрыйбалуу инструкторлор бар.

Кыргызстанда лыжа тебүү сезону ноябрь, декабрь айларында башталып, апрелдин башына чейин созулат, ал эми лыжа тебүү үчүн эң ыңгайлуу мезгил февраль жана март айлары болуп саналат.

 

 

Anahtar Kelimeler: кышкы туризм, Кыргызстан,

Жаңылыктар