Кыргызстанда мал-жандыкты экспорттоого алты айга тыюу салынды

Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирликтин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды.

22 Kasım 2020 21:54

Азык-түлүктүн кескин жетишсиздигине жол бербөө жана анын ичинде республиканын калкынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирликтин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды.

Белгилесек, аталган чечим өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынган.

Чечимге ылайык, көрсөтүлгөн тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизилет жана реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык продукцияларга жайылтылбайт.
 
Аталган тыюу салуу ири жана майда мал-жандыктарга, үй канаттууларына, дан эгиндерине, кумшекерге жана башка айыл чарба продукцияларына тиешелүү.

Жаңылыктар