30

Кыргызстанда Мамлекеттик кызматерлердин саны 30% чейин кыскартылат

Кыргыз Республикасынын  президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндөгү” Жарлыкка кол койду.

29 Haziran 2021 12:22

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттик администрациянын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик мекемелердин, башка мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин 30% кыскартылат.

Өкмөткө жумуштан бошотулган жумушчуларга жөлөк пул төлөп берүү, ал эми үнөмдөлгөн акчаны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө жумшоо тапшырылды.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңешке, Жогорку жана Конституциялык сотторго, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызматкерлердин санын 30% чейин кыскартуу боюнча иш алып баруу сунушталды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Мамлекеттик кызматерлер, президент Садыр Жапаров, Жарлык,

Жаңылыктар