Кыргызстанда Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Мамлекеттик туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.

03 Mart 2022 12:02

Бүгүн, 3-мартта Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Кыргызстанда аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишкерлер катышты.

Майрамдоо салатанаты Кыргызстандын туусун көтөрүү менен башталып, аскер кызматкерлеринин парады менен жыйынтыкталды.

Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Эскерте кетсек, 3-мартта Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленип келет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.

Мамлекеттик туунун авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков. 

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, мамлкеттик туу, Жапаров, Ала-Тоо аянты, , Кыргызстан,  мамлекеттик туу,  Жапаров,   Ала-Тоо аянты, ,

Жаңылыктар