Кыргызстанда Мустафа Кемал Ататүрктүн жаркын элеси эскерилди

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 83 жылдыгына арналган эскерүү аземи болуп өттү.

10 Kasım 2021 13:44

Ататүркү эскерүү иш-чарасы саат 09.05те Ататүрк сейил багында башталды. Алгач сирена үнү жаңырып, эки мүнөттүк унчукпай туруудан кийин Түркиянын Улуттук гимни аткарылды.

Эскерүү аземине Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Йекта Камил Ноян, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жамааты, Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигине караштуу окуу жайлардын директорлору жана окутуучулары, «Ахыскалык түрктөр» коомунун директору, түрк ишкерлери жана жарандары катышты.  Катышуучулар сейил бактагы Ататүрктүн эстелигине гүл чамбар коюшту.

Дагы бир эскерүү иш-чарасы Бишкектеги түрк орто мектебинде өттү. Азем алкагында Ататүрктүн көрөгөчтүгүн, ой-максаттарын баяндаган «Саат канча болду» деген аталыштагы көрсөтүү тартууланды.

Дүйнөлүк лидерлердин жана чет элдик басылмалардын Ататүрк тууралуу ой-пикирлери англис жана түрк тилдеринде окулду.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Йекта Камил Ноян Ататүрктүн жаркын элеси сый-урмат менен эскерилерин баса белгиледи.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы Ататүрктүн эрдиктери тууралуу айтып берди.

«Ататүрк 57 жылдык өмүрүн түрк элине арнады. Ататүрк саясий, экономикалык, билим берүү жана маданий реформаларды жүргүзүү менен күчтүү Түркиянын пайдубалын түптөп берди»,-деди ал.

 

Anahtar Kelimeler: Ататүрк,

Жаңылыктар