Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленди

Кыргызстандын бардык аймактарында жаз майрамына арналган иш-чаралар уюштурулду.

21 Mart 2021 21:58

21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешти. Борбор калаа Бишкекте коронавируска байланыштуу Ноорузга карата иш-чаралар токтотулган. Мындай чечим Covid-19 жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан кабыл алынган.

Башка аймактардын дээрлик баарында майрамга арналган иш-чаралар уюштурулду. Жер-жерлерде сүмөлөк кайнатылып, майрам улуттук оюндардын коштоосунда өттү.

21-март күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) «Нооруз» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери өттү.

Жогорку лигада «Ынтымак» командасы (Талас облусу) «Достук» командасын (Ош облусу) 6:5 буллит эсеби менен (негизги эсеп 4:4) артка калтырып, жеңүүчү аталды.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Анда мамлекет башчысы “Улустун улуу күнү” деген сөз менен байыртан белгиленип келе жаткан Нооруз майрамы 21-март күнү – күн менен түн теңелип, жаз деми башталаарын айтып, касиеттүү майрам менен жалпы элди куттуктаган.

«Учурда Кыргызстандын эли жаңы башталыштарды мурда болуп көрбөгөндөй илгери үмүт менен күтүп, алдыга умтулуп турган чагы.

Быйылкы жаз — республикабыз үчүн өзгөчө жаз. Анткени элибиз өтө маанилүү жана жооптуу учурдун — буга чейинки жетишкендиктерибизди бекемдеп, реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн дагы бир маанилүү кадамды жасоонун, жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумду өткөрүүнүн алдында турат»,- деп айтылат мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Нооруз майрамы, жаздын жарчысы,

Жаңылыктар