Кыргызстанда Нооруз майрамы шаңдуу белгиленүүдө

Бишкекте жаздын келишин билдирген Нооруз майрамынын салтанаттуу аземи борбордук Ала-Тоо аянтында өтүүдө.

21 Mart 2022 11:43

Иш-чарага президенттик аппараттын жетекчиси – КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев, шаардыктар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.

Акылбек Жапаров жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Жалпыңыздарды учурда Баткен жергесинде жумуш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын.

Нооруз майрамынын көп кылымдык тарыхы бар жана бул майрамдын урааны – бейпилдик, токчулук, биримдик жана ынтымак. Бул майрамда улуттук чектер жок. Нооруздун өзгөчөлүгү – ааламга тынчтык жана жаратмандыкты тартуулап, кылымдап келе жаткан салтты жана маданияттагы көп түрдүүлүктү сактайт жана жакындаштырат"'-деди ал.

Мындан тышкары, борбор калаанын сейил бактарында башка оюн-зооктор менен коштолгон массалык майрамдар, ошондой эле спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук мелдештер уюштурулууда.

Anahtar Kelimeler: Нооруз, Кыргызстан,

Жаңылыктар