Кыргызстанда “омикрон” штаммы катталды

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун "омикрон" штаммы эки адамдан аныкталды.

12 Ocak 2022 15:07

Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды.

Эске салсак, акыркы суткада коронавирустун 465 учуру аныкталып, эки адам каза тапты.

Жалпы каза тапкандардын саны 2823.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, омикрон,

Жаңылыктар