Кыргызстанда парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылдырылды

Парламенттик кайра шайлоо конституциялык реформадан кийин өткөрүлөт.

23 Ekim 2020 13:26

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга макулдук берди. Депутаттар "КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун үч окууда карап, тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды. 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тийешелүү конституциялык мыйзамга кол койду. Бул конституциялык мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы бир катар жагдайлар, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал менен шартталган.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Учурда президентин милдетин 5-6-октябрдагы баш аламандыкта абактан чыгарылган Садыр Жапаров аткарууда. 

Жаңылыктар