7

Кыргызстанда Парламенттин 7-чакырылышы ант берди

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттар ант берди

29 Aralık 2021 12:49

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген жаңы депутаттар ант берди.

Жаңы парламенттин отурумун шайланып келген депутаттардын эң улуусу, "Ынтымак партиясынан" Шарапаткан Мажитова ачты.

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен тааныштырып, шайланып келген депутаттарга тиешелүү ырастама (кызматтык күбөлүк) жана төш белги тапшырды.

Парламентте “Ата Журттан Кыргызстан”  партиясы 15, "Ишеним" фракциясы  12, "Ынтымак" партиясы 9, “Альянс” 7, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы 6 жана “Ыйман Нуру” партиясынан 5 депутат мандат алды.

Белгилей кетсек Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.

Anahtar Kelimeler: Жогорку Кеңеш, Кыргызстан,

Жаңылыктар