Кыргызстанда парламенттин төрагасы алмашты

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

04 Kasım 2020 14:07

13-октябрда Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетип, 10-январда өтө турган президенттик шайлоого катышаарын жарыялаган.  Бүгүн, 4-октябрда,  депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ага 100 депутат макул, 1 депутат каршы деп добуш берген.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына жалгыз талапкер болду. Мамытовдун талапкерлиги “Республика-Ата Журт” фракциясы тарабынан сунушталган.

Талант Мамытов өз сөзүндө «бүгүнкүдөй оор кырдаалга карабастан мага ишеним көрсөтүп, төрага кызматына шайладыңар. Бул үчүн ыраазычылык билдирем. Албетте абал оор. Бюджеттик таңкыстык бар, эпидемиологиялык кырдаал оор, жалпы саясий кырдаалды эске алганда силердин колдооңор керек. Бүгүн кыргыз эли баарыбыздын колдообузга муктаж. Азыр өзгөчө мезгил. Ынтымакты, биримдикти талап кылат. Ушул кырдаалдан чыгып кетүү үчүн мени колдоп берүүңөрдү суранам. Калыс, акыйкат иштеп бергенге убада берем»-, деди.

Жаңы шайланган төрага Талант Мамытов экс-төрагалар Канатбек Исаев менен Дастан Жумабековдун башына калпак кийгизип, чапан жапты.

Баш мыйзамга ылайык, президенттик шайлоого аттанган Садыр Жапаров президенттин ыйгарым укуктарын кайра Жогорку Кеңештин төрагасына өткөрүп бериши керек болот.

Талант Мамытов - Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири.

«5-6-октябрдагы окуялар»

Кыргызстанда 4-октябрда   парламенттик шайлоо өткөн. Оппозициялык партиялар шайлоонун баштапкы жыйынтыгын тааныбай нааразылык акциялары  чыккан. Ал массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. Митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп алышкан.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Абдылдаев 10-октябрдагы кезексиз жыйында  төрагалыктан баш таркан. Жогорку Кеңеш 13-октябрдагы кезексиз сессиясында "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаевди парламент төрагалыгына шайлаган. 

Канатбек Исаевдин төрагылыгы учурунда Жогорку Кеңеш, Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү туралуу арызын кабыл алып,  Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын жактырган.

Жаңылыктар