Кыргызстанда парламенттин төрагасы жана премьер-министр кызматтан кетти

Парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков өз арызы менен кызматтан кеткени айтылып, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүүгө арыз жазганы кабарланды.

07 Ekim 2020 16:24

Кыргызстанда шайлоодон кийин митинг өтүп, Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин бир нече депутаты чукул жыйынга чогулду. 6-октябрь күнү "Достук" мейманканасында болуп өткөн ЖК депутаттарынын кезексиз жыйынында Депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ал "Бир Бол" фракциясынын депутаты болот. Эскерте кетсек, мурдагы төрага Дастан Жумабеков арыз жазып, кызматын таштаган.

Жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кеткендиги айтылды. Садыр Жапаров өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп шайланды. Эскертке кетсек, Садыр Жапаров 2018-жылы адамды туткунга алуу беренеси боюнча 11,5 жылга эркинен ажыратылган. Жапаров борбор калаада болуп өткөн митингден кийин, бүгүн анын тарапташтары тарабынан абактан бошотулган.

Кыргызстанда саясий кризис

Эскертке кетсек, 4-октябрь күнү болуп өткөн парламенттик шайлоого 16 партия катышкан. 5-октябрь күнү Жогорку Кеңешке өтпөй калган 12 партия митинг өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.  Митингге катышкандар Ак үйдү басып алган. Ал арада президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда камакка алынгандар абактан чыгарылган.

Борбор калаадагы митингден бир катар жарандар жабыркап, 1 киши каза болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, көчөгө чыгып жаткандарды, аларды уюштургандарды, саясий лидерлерди укуктук талаага кайтып келүүгө дагы бир ирет чакырды.

 

Жаңылыктар