2021-10

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт

БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн 10-январга белгиледи.

26 Ekim 2020 13:24

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлчү президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Бул тууралуу чечим, 24-октябрда БШКнын жыйынында кабыл алынды.

“Кечээ президенттик аппараттын жетекчилиги менен сүйлөштүк. Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттик шайлоону эч бир орган аныктабайт. БШК болгону мөөнөтүн белгилеп берет”, — деди БШКнын төрайымы Шайлдабекова.

Эскерте кетсек, 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен.

 

Жаңылыктар