Кыргызстанда Рамазан айында бир катар иш-чаралар уюштурулууда

Ыйык Рамазан айында бар катар диний жана коомдук иш-чаралар өтүүдө

14 Nisan 2022 16:08

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы мечиттерде күн сайын кечки ооз ачуу тамагы уюштурулууда.

Борбордук мечитте ооз ачууну жана орозо кармаган момун мусулмандарга тамак берүүнү каалаган жарандардын саны өтө көп.

Кечки ооз ачуу тамагынан мурда жамаат менен намаз окулууда. Андан соң ооз ачылып, даамдуу тамактар сунушталууда. Ооз ачуу тамагынан соң диний-коомдук иш-чаралар өткөрүлүп, акырында «таравих» намазы окулууда.

Бишкектеги борбордук мечитте күнүнө 1000 адамга ооз ачар уюштурулууда

Бишкектеги борбордук мечиттин имамы Абдыкадыр Суран уулунун айтымында күнүнө 1000 адамга ооз ачар уюштурулууда. Ал, ифтар дасторкону бардык мечиттерде уюштурулганын, аны көбүнчө араб кайрымдуулар берип жатканын айтты.

Ал белгилегендей Рамазан айы ыйык болуп саналат. Бул айда "Куран" түшүрүлгөн. Рамазан айында, ошондой эле, бардык мусулмандар үчүн Ислам түркүктөрүнүн бири болгон "орозону" кармоочу ай.

Белгилүү спортчу азык-түлүк жардамын берүүдө

Кыргызстанда кайрымдуулук фондун негиздеген белгилүү спортчу Марат Жуманалиев Рамазан айында медреседеги окуучуларга азык-түлүк жардамын таратууда. Ошондой эле ата-энеси жок балдарга ифтар тамагын берүүдө.

 

 

 

 

Anahtar Kelimeler: ыйык Орозо айы, Кыргызстан,

Жаңылыктар