Кыргызстанда референдум өтөт

2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо менен чогуу мамлекеттик башкаруу системасын тандоочу референдум өткөрүлөт.

14 Aralık 2020 13:36

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргызстанда мамлекеттик түзүлүш - башкаруу формасын аныктоо референдуму тууралуу мыйзам долбооруна кол койду.

Кол коюлган мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо менен чогуу мамлекеттик башкаруу системасын тандоочу референдум өткөрүлөт. Анда жарандардын тандоосуна Кыргызстандагы башкаруу формасы:
—президенттик;
—парламенттик;
— бардык варианттарга каршы түрлөрү коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг уюштуруп, Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, президент, премьер-министр жана парламенттин төрагасы кызмат орундарын тапшырган.

6-октябрга караган түнү Садыр Жапаров түрмөдөн бошоп, 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалган. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору каралып, кабыл алынган. Документке ылайык, парламенттик кайра шайлоо конституциялык реформаны өткөрүү аяктагандан кийин өтөрү белгиленген.

Ал эми 14-ноябрда, Жапаров президенттикке атанганына байланыштуу, шайлоо мезгилинде премьер-министрдин милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго, Президенттин милдетин аткаруу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлгөн.

 

Жаңылыктар