Кыргызстанда сүмөлөк кайнатылды

Ноорузда жасалган даамдардын бири – сүмөлөк.

20 Mart 2022 22:37

Түрк тилдүү элдер эзелтен дүйнөнүн башка элдериндей болуп төрт мезгилдин ар кайсы айларында өздөрүнүн салттуу майрамдарын майрамдап келишкен.

Ошол майрамдардын бири – «Нооруз»

«Нооруз» - «жыл башы», «жаңы жылдын башы» майрамы.

Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет.

Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздар да күн түндүн теңелген күнүн жаңы жыл – Нооруз деп белгилешкен.

Ноорузда жасалган даамдардын бири – сүмөлөк.

Сүмөлөк – ынтымакты бекемдейт

Алгач жакшы сапаттагы буудай тандалып алынгандан кийин тазаланып жуулат да бир күн сууга чыланат. Качан буудай өнүп, жарым карышка жакын калганда сокуга салынып жанчылат. Абдан эзилген буудай чараларга салынып, суу куюлат.

Майга жети токоч бышырып, аксакалдар куран окугандан сүмөлөк даярдала баштайт. «Эртең жаңы жыл» деген күнү айылдын сыйлуу адамдары атайын сүмөлөк даярдалып жаткан үйгө чакырылат. Алар ун, мейиз, өрүк жана башка азыктардан ала келишип, майдалап-жанчып казанга салышат да, от жагып сүмөлөктү бышыра башташат. 41 чилтен олдосун деп 41 даана таза жуулган таш салынат.

Сүмөлөк 12 саат бою кайнатылат. Сүмөлөк бышканда казандын үстү жылуу жабылып 5-6 саатча демделет. Айыл аксакалдары, байбичелер келишип, маркумдарга куран окуп бата тилешкенден кийин казандын капкагы ачылат.

Сүмөлөктү бышыруунун негизги максаты - аны элге ооз тийгизип алардын ыраазычылыгын жана сообун алуу.

Сүмөлөк бышып жатканда салттуу оюн зооктор ойнолуп, ыр бийлер аткарылат.

Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга сыйынып, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишет.

 

Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношот.

Anahtar Kelimeler: Сүмөлөк,

Жаңылыктар