Кыргызстанда салттуу музыка жумылыгы өтүүдө

Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте салттуу музыка жумалыгы башталды.

20 Nisan 2022 20:32

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилигинин демилгеси менен салттуу музыка жумалыгы  башталды. Жумалык салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жөө жүрүшү менен башталып, Уркуя Салиева атындагы эс алуу жайында “Улут наркы” көргөзмө-жарманкеси болуп өттү.

Салттуу музыка жумалыгынын алкагында Эл аралык музыка жана бий конгресси өз ишин баштады.

Конгресс КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилигинин менен КРнын Улуттук илимдер академиясынын А .Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду,Кыргыз-Түрк Манас университети менен биргеликте уюштурулуп жатат.

Жумалык алкагында “Психосоматикалык медицина жана психология. Психосоматикадагы искусство синкретизми” аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.  Ар кыл мастер класстар уюштурулуп, тегерек столдор өтөт. Ошондой эле Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында К.Иманалиевдин “Коркут ата” драмасы коюлат.

Белгилей кетсек, салттуу музыка жумалыгы 25-апрелге чейин уланып, улуттук салттуу кийимдердин жарманкеси менен коштолот.  25-апрелдеТ.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчү ишмерлердин гала-концерти өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Россия Федерациясы (Тува, Алтай, Хакасия өлкөлөрү) ж.б. өлкөлөрдөн келген өнөр ээлери катышат.

 

Anahtar Kelimeler: салттуу музыка жумалыгы, Кыргызстан,

Жаңылыктар