Кыргызстанда салык менен бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү өстү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров салык менен бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү өскөнүн белгиледи

30 Haziran 2022 14:03

Президент Садыр Жапаров VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынына катышты.

Мамлекет башчысы салтанаттын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, салык менен бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү өскөнүн белгиледи.

“2021-жылдын алгачкы алты айында салык кызматы тарабынан 47 млрд сом каражат чогулган болсо, 2022-жылдын ушул мезгилинде 68,8 млрд сом топтолду. Ал эми 2021-жылдын январь-июнь айларында бажы кызматына түшкөн кирешенин өлчөмү 20 млрд сом болсо, быйылкы бажы төлөмдөрдүн жалпы суммасы 31 млрд сомдү түздү. Айырмасын өзүңүздөр көрүп жатасыздар”, - дейт президент.

Мамлекет башчысыошол эле учурда социалдык чөйрөгө, өлкөнүн энергокоопсуздугун чыңдоого, мектептердин, медициналык мекемелердин жана соцобъектилердин курулушуна каржылоо сезилерлик жогорулаганын кошумчалады.

Буга кошумча Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-августунан баштап бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөөрүн жарыялады. 

 

Жаңылыктар