Кыргызстанда шайлоо жана шеферендум өтөт

2021-жылы 11-апрелде КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жана референдум өтөт.

12 Nisan 2021 12:54

Эртең, 2021-жылы 11-апрелде КРнын 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 10 мамлекет, 16 элчилик жана эл аралык 10 мекемеден 200гө чукул байкоочу көз салат.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча шаардык жана айылдык кеңешке 760 депутат шайланышы керек. Шайлоо комиссиясы жалпы 59 саясий партияны каттады. Шаардык жана айылдык кеңешке депутат болууга 30 миң адам өз талапкерлигин көрсөттү.

Конституцияны өзгөртүү идеясы эпидемия күч алып турган учурда келип чыкты

Кыргызстанда башкаруу системасын өзгөртүү идеясы пандемия күч алып турган учурга туш келди. Жогорку Кеңеш бул маселени жаз мезгилинен тарта талкуулай баштады.

5-15-апрелдеги окуялардан кийин, өлкөнүн убактылуу президенти болуп шайланган Садыр Жапаров конституциялык реформа маселесин көтөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзамга 12-мартта кол койду. 

Мыйзам 2021-жылдын 11-мартында​​​​​ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Референдум Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-мартындагы өз жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга коюлган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун тексти менен газетанын атайын чыгарылышында 1 100 000 (бир миллион жүз миң) нуска мамлекеттик жана расмий тилинде басып чыгаруу жөнүндө токтом кылды.

11-марттагы жалпы жыйынында депутаттар экинчи жана үчүнчү окууда Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду 11-апрелге белгилөөнү жактырды.

10-январда Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөн.

2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөн. БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болсо, 1 млн 394 миң 218 адам добуш берген. Анын ичинен президенттик башкарууга 79,18% адам добушун берген. Ал эми эртең Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт.

Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген.

Президент мамлекет башчысы болуп саналат. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат.

Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт.  Мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдардын макулдашылып иштөөсүн жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

Президент мамлекеттин ичинде, эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан иш жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана чек ара бүтүндүгүн коргоо боюнча чараларды көрөт.

Президент:

1) Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын  аныктайт;

2) Министрлер Кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт;

3) Министрлер Кабинетинин төрагасынын, анын орун басарларынын жана башка мүчөлөрүнүн отставкага кетүү жөнүндө өтүнүчтөрүн жана аларды отставкага кетирүү жөнүндө чечимди кабыл алат;

4) өзүнүн демилгеси, Жогорку Кенештин же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен, мыйзам чегинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн  жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотот;

5) аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин дайындайт; аларды кызматынан бошотот;

6) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт; аларды кызматынан бошотот;

7) Президенттин Администрациясын түзөт;

8) Коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт.

9) Мамлекеттик катчыны кызматка дайындайт жана бошотот;

10) балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу Өкүлдү дайындайт жана бошотот.

Президент:

1) Сот адилеттиги иштери  боюнча кеңештин сунуштамасынын негизинде Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт;

2) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

3) Сот адилеттигинин иштери  боюнча кеңешинин сунушу менен жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;

4) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот;

5) Судьялар кенешинин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан Жогорку Кеңештин  макулдугу менен 5 жылдык мөөнөткө алардын төрагаларын кызмат ордуна  дайындайт; Конституцияда жана конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотот;

6) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо былтыр 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг уюштуруп, Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, президент, премьер-министр жана парламенттин төрагасы кызмат орундарын тапшырган.

2020-жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын кезектеги президенти болуп шайланган.

 

Жаңылыктар