Кыргызстанда «Түрк дүйнөсүндө туризм кызматташтыгын өнүктүрүү» темасындагы конференция болуп өттү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Түрк дүйнөсүндө туризм кызматташтыгын өнүктүрүү» темасындагы конференция болуп өттү

15 Nisan 2022 16:19

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) туризм жумалыгынын алкагында «Түрк дүйнөсүндө туризм кызматташтыгын өнүктүрүү» темасында конференция уюштурду. Иш-чарага дипломаттар, атташелер, университеттин жетекчилиги, туризм факультетинин окутуучулары, студенттер, туризм тармагында иш алып барган уюм жана бирикмелердин өкүлдөрү катышышты.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган түрк дүйнөсүнүн туризм тармагындагы потенциалына өзгөчө көңүл бурду. Ал, учурдагы абал туризм тармагына да таасирин тийгизип жатканын баса белгилөө менен бирге, туризм тармагы диверсификацияланып, ар башка аймактарга жайылса оор абалдан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин айтты.

Ал эми КТМУнун ректору, проф. докт. Алпаслан Жейлан Кыргызстандын туризм тармагындагы мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду. Өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү жаатында Манас университетине ири милдет жүктөлөрүн баса белгиледи.

КТМУнун проректору, проф. докт. Асылбек Кулмырзаев, Кыргызстанда туризмдин көп түрдүүлүгү жана тейлөө сапаты жогорулап жатканын айтып, университетте билим алып жаткан 400гө жакын студент жыл сайын Түркиянын ар кыл туристтик ишканаларында стажировкадан өтөрүн белгиледи.

Туризм тармагынын потенциялы талкууланды

Иш-чаранын жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттердин туристтик потенциалы, Ковид-19 пандемиясына чейинки жана андан кийинки туризм тармагындагы көйгөйлөр талкууланып, алдыга коюлган максаттар туралуу сөз болду. Түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы туризм кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият жана таанытуу боюнча кеңешчиси Алпаслан Акынжы Түркиянын туризми туралуу маалымат берип, өлкөнүн бул жааттагы ийгиликтерине токтолду.

Анын айтымында Түркияга жыл сайын көп сандагы турист келип, өлкө экономикасына олуттуу киреше алып келет. Алсак 2022-жылдын аягына чейин Түркияга 42 миллион турист тартуу жана туризм тармагынан 35 миллиард доллар киреше табуу максатталууда.

Туризм Академиктери Ассоциациясынын президенти Проф. докт. Мухаррем Туна түрк дүйнөсү туризм тармагындагы потенциялын колдонуу менен олуттуу киреше таба алаарын айтты.

Ал эми Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Елена Калашникова пандемиядан кийин эс алуу зарылчылыкка айланганын белгиледи.

Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров, Түркиянын туризм тармагындагы тажрыйбасын пайдалануу зарыл экенин айтты.

 

Anahtar Kelimeler: «Түрк дүйнөсүндө туризм кызматташтыгын өнүктүрүү»,

Жаңылыктар