Кыргызстанда түрк тили курсун аяктагандарга сертификат алышты

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Түрк тили жана маданияты борборунда түрк тили курсун аяктаган 85 студентке сертификат тапшырылды.

29 Aralık 2021 16:43

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Түрк тили жана маданияты борборунда бүтүрүүчүлөргө сертификаттарды тапшыруу аземи өттү.

Түрк тилин үйрөтүү борборунда (TTÖMER) өткөн аземге, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы Түрк тилин үйрөтүү борборунун директору Али Кылыч, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жетекчилери, мугалимдер жана курсанттар катышты.

Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы Түрк тилин үйрөтүү борборунда билим алган курсанттардын саны 2550гө жеткенин, 1333 курсантка сертификат тапшырылып жатканын айтты. Өз кезегинде бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

Белгилей кетсек Түрк тилин үйрөтүү борбору 1996-жылдан бери курстарды уюштуруп, Кыргызстандыктарга түрк тилин үйрөтүп келет. Борбор акыркы технология менен жабдылып,  анда тажрыйбалуу кызматкерлер иштейт.

Борбордун филиалдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларында, ошондой эле өлкөнүн престиждүү университеттеринин алдында ТИКАнын демилгеси менен түзүлгөн Түрк тили жана маданияты борборлорунда орун алып, калоочуларга акысыз курстар өткөрүлөт.

Аталган борборлордо көбүнесе Түркияда билим алууну, адистигин жогорулатууну, түрк тили боюнча билимин өркүндөтүүнү жана Бишкектеги түрк компанияларында жумуш таабууну каалаган жаштар билим алышат. Аталган борбордон билим алган жаштар Кыргызстан менен Түркия ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө ири салым кошушат.

Курсанттар ошол эле учурда түрк маданиятын, адабиятын, ашканасын таанып билүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

 

Anahtar Kelimeler: түрк тили,

Жаңылыктар