Кыргызстанда түрк тилинде билим бере турган башталгыч мектеп курулат

Кыргызстанда түрк тилинде билим бере турган башталгыч мектеп куруу үчүн кампания башталды

22 Nisan 2022 11:37

Бишкек шаарында Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен ооз ачуу тамагы уюштурулду. Аны  Түркия-Кыргызстан ишкерлер коому, Маданият, тилектештик жана достук коому уюштурган.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда түрк тилинде билим бере турган башталгыч мектеп куруу максатында жаңы кампания башталганын маалымдады. Анын айтымында жаңы курула турган мектеп ахыскалык түрктөргө жана кыргыз балдарга багытталат. Андыктан жаңы кампанияга ахыскалык ишкерлерди колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Өз кезегинде Кыргызстан менен Түркия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жогоруалагын баса белгиледи. Алсак эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылы 64 пайызга жогорулап, 836 млн долларды түзгөн. Доган жакында соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд долларга жетерине ишеним билдирди. 'Түркия жакынкы аралыкта Кыргызстанга ири инвестиция салган алдыңкы өлкөгө айланат",- деди ал.

Ооз ачуу тамагына Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу, Түркиянын Бишкектеги мекемелеринин жетекчилери, ишкерлер, Ахыска түрктөр ассоциациясынын кызматкерлери жана ишкерлер катышты.

Жаңылыктар