Кыргызстанда түрк тилинде ырдоо конкурсу өттү

Кыргызстанда түрк тилин үйрөнүп жаткан курсанттар арасында түркчө ырдоо конкурсу болуп өттү.

03 Haziran 2022 11:38

Филармонияда өткөн конкурска Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Мехмет Давулжу, мугалимдер, курсанттар, ата-энелер жана меймандар катышты.

Конкурстун катышуучулары түрк тилиндеги ырларды аткарышты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Айназик Исак кызы биринчи, Адилет Бекенов экинчи, Эрбол Бекматов үчүнчү орунду багындырды.

Иш-чаранын жыйынтыгында конкурстун жеңүүчүлөрү жана катышуучуларына сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн лотерея ойнотулуп, эки киши Түркияга учак билети утуп алды 

Жаңылыктар