Кыргызстанда Түркиянын Улуттук эгемендүүлүк жана балдар майрамы белгиленди

Бүгүн 23-апрель. Түркияда Улуттук эгемендик жана балдар майрамы. Кыргызстанда бул күндүн урматына салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

23 Nisan 2022 18:23

Улуттук эгемендик жана балдар майрамына арналган иш-чара Бишкек шаарындагы Ататүрк паркында өттү. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган иш-чаранын алкагында Ататүрктүн эстелигине гүл чамбар коюулду. Андан соң Түркиянын улуттук гимни аткарылды.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган аземдин катышуучуларын Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен куттуктады.

"2020-жылдын 23-апрели Түркия Республикасынын түптөлүшүнө алып барган, тарыхыбыздагы эң маанилүү учурлардын бири болуп саналат. Улуттук  күрөштүн натыйжасында түптөлгөн Түркия Республикасын түбөлүктүү сактап калуу жалпы элдин, ошондой эле жаш муундарынын милдети. Гази Мустафа Кемал Ататүрк 23-апрелди келечектин кепилдиги болгон балдарга тартуулап, жаш муундарга болгон ишеничин көрсөткөн",-деди ал.

Бишкектеги түрк мектебинде салтанаттуу иш-чара өттү.

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдар майрамына арналган дагы бир салтанатуу иш-чара Бишкектеги түрк башталгыч мектебинде болуп өттү. Мектептин алдына курулган сахнага түрк жана кыргыз байрактары илинди.

Иш-чарар бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң эки өлкөнүн улутутк гимни аткарылды.

Иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты. Элчи мырза,  элчиликтин билим берүү кеңешчиси Харун Каржы жана Бишкек түрк мектебинин директору Илнур Йенал сөз сүйлөп, бул күндүн маани-маңызына кеңири токтолушту.

Иш-чара чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Жаңылыктар