Кыргызстанда Түркиянын Улуттук Эгемендик жана балдар майрамы белгиленди.

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Түркиянын Улуттук эгемендик жана балдар майрамына арналган иш-чара өттү.

23 Nisan 2021 16:49

Бүгүн, 23-апрелде, Улуттук Эгемендик жана балдар майрамы, ошол эле учурда, Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин негизделишинин 101 жылдыгы белгиленүүдө.

Бишкек шаарындагы түрк мектебинде Түркиянын Улуттук Эгемендик жана балдар майрамына арналган иш-чара өттү. Салтанатка Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Йекта Камил Ноян, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Атынч Кескин, элчиликтин кызматкерлери, түрк тилин үйрөтүү борборунун өкүлдөрү, ТИКАнын кызматкерлери жана мектеп окуучуларынын ата-энелери катышты.

Пандемия шартында өткөн иш-чара алгач Ататүрктү эскерүү менен башталды. Андан соң Түркия жана Кыргызстандын улуттук гимндери аткарылды. Окуучулар ырларды көркөм окуп, ыр-бийлерди аткарышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Йекта Камил Ноян жалпы элди Улуттук Эгемендик жана балдар майрамы, ошол эле учурда, Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин негизделишинин 101 жылдыгы менен куттуктады.

Балдарды татыктуу билим алууга жана ата-мекенди сүйүүгө чакырды. Өз кезегинде ата-мекенге пайдалуу, элге кайрымдуу балдарды тарбиялап өстүрүп жаткан ата-энелерге, билим берүү боюнча кеңешчиге, мектептин директоруна жана мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирди.

«Келечек муундарга күчтүү жана өнүккөн өлкө калтырабыз»

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы 23-апрелдин маанисине токтолду. «Улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрк 23-апрелди балдарга белек кылган. Бул күн балдарга белек кылынган жападан жалгыз майрам. Бул Ататүрктүн балдарга көрсөткөн ишениминин далили. Биз да талыкпай эмгектенип келечек муундарга күчтүү жана өнүккөн өлкө калтырабыз»,-деди ал.

Ал эми түрк мектебинин директору Илкнур Йенал, улуттук жана адеп-ахлактык баалуулуктарга басым жасады.

«Демократияны, адам укуктарын, көзкарандысыздыкты, улуттук суверенитетти коргоп, мекенди жана желекти сүйүү биздин негизги милдетибиз»,-деди ал.

Иш-чаранын жыйынтыгында Түркия Респубикасынын Улуттук Билим берүү министрлигинин Евробиримдик жана тышкы иштер боюнча башкы дирекциясы уюштурган «Чанаккале» ырларын көркөм окуу боюнча конкурста 1-орунду багындырган 5б-класстын окуучусу Түркү Су Караоглана сыйлык тапшырылды.

 

Anahtar Kelimeler: 23-апрель, Улуттук Эгемендик жана балдар майрамы, Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинин негизделишинин 101 жылдыгы,

Жаңылыктар