Кыргызстанда «таш кордо» даамын сунуштагандар көбөйүүдө

Мейман күтүүдө сыйлуу тамактардын бири учурда «таш кордо» болууда

21 Aralık 2021 13:22

Акыркы жылдары Кыргызстанда, анын ичинде Бишкек шаарында «таш кордо» даамы кеңири жайыла баштады. Койду жиликтеп туруп, чокко бүтүн бышырган бул тамакты жеген да арманда, жебеген да арманда.

«Таш кордо» ар бир конокко жагымдуу маанай тартуулап, дасторкондун ажарын ачып, жеген сайын жегинди келтирет. Бул улуттук тамак,  сый тамак катары даярдалып келет. Жаңы-жылдын алдында «таш кордо» даамына буюртма бергендердин саны артты.

«Таш кордо» көбүнчө баглан козунун этинен өзгөчө рецепт менен даярдалып, гарнирлери менен дасторконго тартууланат.

Алгач жаңы союлган баглан козуну таза союп алып, ичеги-карынды тазалап жууп, коё туруу зарыл. Сөөктөрүн сындырбай жигинен бөлүп алыш керек. Булчуң эттерин тилип, жукартып коюу талапка ылайык. Андан соң туздалып, мурч, сарымсактын кошулмалары сыйпалып, тыныктырылат.

Ал башка тамактардан айырмаланып, атайын таш очоктун ичине бышырылат. Тандырга бышырылган эт куурулган картошка, пияз, көк калемпир, соус жана башка татымалдар менен сунушталат.

Тамактын баасы козунун салмагына жараша бааланып, орто эсеп менен  9 миң сомдон 18 миң сомго чейин турат.

«Таш кордо» ата-бабаларыбыздан калган даамдуу  тамак

Тамшандырган «таш кордону» даярдаган Шабдан Азизовдун айтымында бул даамды байыркы заманда, адатта ууга чыккан мергенчилер көп жасап жешкен. Учурда даам, кеңири жайылып, тойлордо, куда тосуда эң көп буюртма алган тамактардын катарына кирет.

 

Anahtar Kelimeler: "таш кордо" Кыргызстан,

Жаңылыктар