Кыргызстанда Украинаны колдогон акция болуп өттү

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Орусиянын Украинага чабуулуна нааразылык билдирген акция өттү.

26 Mart 2022 20:44

Бишкектеги Максим Горький атындагы сейилбакта Украинага тилектештик акциясы өтүп, ага 100дөй адам катышты. 

Тилектешик акциясынын катышуучулары колдоруна "Кыргызстан Украина менен", "Жаша Украина", “Согуш токтосун”, "Баатыр Украина" деген плакаттарды кармап турушту.

Иш-чара бир айдан бери уланып жаткан Украинадагы согуштун курмандыктарын эскерүү менен башталды.

Иш-чаранын катышуулары “Эркин Украина”, “Украинага даңк”, “бүгүн Украина эртең Кыргызстан”, “Согуш токтосун”, “Согушка каршыбыз” деген ураандарды чакырышты.

Нааразылык акциясы милициянын көзөмөлүндө өтүп, 1,5 саатка созулду. 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Украина,

Жаңылыктар