Кыргызстанда Юнус Эмрени эскерүү иш-чарасы өттү

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында кызмат өтөгөн Түркиялык мугалимдер Юнус Эмрени эскерүү иш-чарасын уюштурушту.

06 Mayıs 2021 22:14

Бишкеш шаарындагы Түркия Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу орто мектепте "Юнус Эмре жана Түрк тили жылынын" урматына эскерүү иш-чарасы өттү. 

Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Атынч Кескин, мектеп директору, мугалимдер жана Бишкек шаарындагы түрк мекемелеринин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чара ыйык Курандын окулушу менен башталды. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин концерватория бөлүмүнүн окутуучары жана орто мектептин  мугалимдери диний ырларды аткарып, Юнус Эмренин ырларын көркөм окуп беришти.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган 2021-жылы  Түркияда Улуттук гимндин кабыл алынышынын 100 жылдыгы белгиленип, Хажы Бекташ Вели жана Юнус Эмрени эскерүү жылы деп жарыялангандыгын белгиледи. 

"Улуттук гимнибиз көз карандысыздыктын булагы болсо, Хажы Бекташ Вели Анадолу маданиятынын фундаменти, ал эми Юнус Эмре илимдин булагы",-деди ал.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Юнус Эмре,

Жаңылыктар