Кыргызстанда жаңы конституция кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду.

05 Mayıs 2021 13:27

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүү) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол койду.

 

Ошондой эле Мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

 

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

 

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция боюнча референдумга добуш берүү өтүп, анда шайлоочулардын 79%дан ашыгы “макул” добушун берген.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Жапаров, конституциялык, Кыргызстан, Жапаров, конституция,

Жаңылыктар