Кыргызстанда “Жашыл мурас” интернет-порталы ишке кирди

Кыргызстанда отургузулган көчөттөрдүн абалына интернет-портал аркылуу байкоо салууга болот.

12 Nisan 2022 16:29

Президенттин администрациясынын реформаларга мониторинг жана анализ бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов Кыргызстанда “Жашыл мурас” интернет-порталы ишке киргендиги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында өлкө аймагында бак-дарак отургузуу иштери жүрүүдө.

“Ошол бак-дарактарды отургузуп койбой, аны унутпай сугарып, багуу керек. Мындан улам “Жашыл мурас” интернет-порталы иштелип чыкты. Ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү бийлик жана жеке жактар отургузган бактардын санын, анын түрү тууралуу маалыматтарды толук Мамлекеттик токой кызматына ар бир айдын бешине чейин бериши керек. Андан кийин ал маалымат порталга жүктөлөт. Отургузулган көчөттү мониторинг кылуу үчүн интернет-портал иштелип чыккан”, - деди ал.

Темиркулов порталда карта болуп, сезон аяктаганда отургузулган көчөттөрдүн канчасы багылып, өсүп кеткенин көзөмөлгө алынарын белгилейт.

Учурда Кыргызстандын аянтынын 6 пайызын токойлор ээлейт

Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик токой кызматынын директору Алмаз Мусаевдин маалыматына караганда учурда Кыргызстандын аянтынын 6 пайызын токойлор ээлейт.

Мусаев белгилегендей, быйыл мамлекеттик токойлорго 1130 гектар аянтка 1 миллион 380 миң көчөт отургузуу максатталууда.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 12-мартта Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган.

Анын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында көчөт отургузуу иш-чарасы өтүп, ага эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, мамлекеттик жана муниципиалдык органдардын өкүлдөрү катышкан. "Жашыл мурас" өнөктүгү бүтүндөй өлкөдө жыл сайын белгиленчү салтка айланып, ар жылы беш-алты миллион даана көчөт отургузулары айтылган.

 

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, “Жашыл мурас” интернет-порталы,

Жаңылыктар