Кыргызстанда жайлоо туризми

Кыргызстанда жайлоо туризми күн өткөн сайын өнүгүүдө

28 Mayıs 2022 12:25

 

Кыргызстан дүйнөдөгү жогорку туристтик потенциалга ээ болгон мамлекеттердин бири.

Теңир тоонун койнунда абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен бир нече жайлоо жайгашкан.

Жашыл токойлору, бак дарактары, түрдүү өсүмдүктөрү, жүзүмзарлары, карагайлуу токойлору менен өзгөчө маанай тартуулаган кыргыз жайлоолору келгендерге укмуштуудай сезим тартуулайт.

Кыргызстандын аймагында жайлоо туризм сезону май айынын аягы менен башталат. Бийик тоодо эс алууну жактырган туристтер кыргыздын боз-үйүндө конок болуп, кымыз ичип, кыргыздын улуттук даамдарын татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле бүркүт салуу, ат менен сейилдөө, ботаникалык бакчаларга саякат сунушталат.

Азыркы кезде жайлоого чыккан саякатчылардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Мындан улам туристтик компаниялар улам жаңы маршруттарды, программаларды сунуштап жергиликтүү элди эана туристтерди кызыктырып жатышат.

Жаңылыктар