Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга добуш берүү аяктады

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жыйынтыкталды.

11 Nisan 2021 20:18

Бүгүн, 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Аны менен катар президенттик башкаруу системасына ыктаган Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлду.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Шайлоо жергиликтүү саат менен таңкы саат 08:00до башталып, кечки 20:00до жыйынтыкталды.

Шайлоочулардын 79,25  пайызы жаңы Конституцияга «макул» добушун берди

Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга  шайлоочулардын 36,75 пайызы добуш берди. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

Эсептөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгына караганда, референдумга 1 млн 325 миң адам же 36,75 пайыз шайлоочу добуш берген.

Анын ичинен 79,25 пайыз шайлоочу жаңы Баш мыйзамдын долбоорун колдосо, 13,69 пайызы «каршы» добуш берген.

Референдумда жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет. Шайлоого катышкандардын 50% «макул» добушун берсе референдум кабыл алынат.

 

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, шайлоо, референдум,

Жаңылыктар