Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөр Измирдеги жер титирөөнүн курмандыктарын эскеришти

Кыргызстанда жашаган Ахыскалык түрктөр Түркиянын Измир шаарында катталып, күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөөнүн курмандыктардын эскеришти.

06 Kasım 2020 13:43

Кыргызстанда жашаган Ахыскалык түрктөр Түркиянын Измир шаарында болгон жер титирөөнүн курмандыктардын эскеришти. Эскерүү иш-чарасы Кант шаарындагы ресторанда болуп өттү. Эпидемиялогиялык кырдаалга байлашынтуу эскерүү иш-чарасына чакан сандагы адамдар чакырылган.

Ахыскалык түрктөр коомунун башчысы Атамша Дурсунов уюштурган иш-чарага, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фырат, ТИКАнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн координатору Осман Уста жана коомдун башкаруу кеңешинин мүчөлөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Измирдеги жер титирөөнүн курмандыктарына жана Тоолуу Карабакта шейит кеткендерге багышталып куран окулду.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат, эскерүү иш-чарасын уюштурганда терең ыраазычылык билдирүү менен бирге биримдикке басым жасады.

Ал эми ТИКАнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн координатору Осман Уста оорчулук бөлүшкөн сайын азайаарын баса белгилеп, Түркиялыктардын кайгы муңун бөлүшүп, биримдикти көрсөткөн Ахыскалык түрктөргө ыраазычылык билдирди.

Ахыскалык түрктөр коомунун башчысы Атамша Дурсунов жер титирөөдө курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын тез сакайып кетишин тиледи. Ошондой эле Тоолуу Карабактын бошотулушуна тилектештигин билдирди.

Жаңылыктар