Кыргызстандагы ахыскалык түрктөр ооз ачуу тамагын уюштурду

Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөр коому Бишкек шаарында кечки ооз ачуу тамагын уюштурду

17 Nisan 2022 14:49

Кечки ооз ачуу тамагына Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, элчиликтин кызматкерлери, Кыргызстандагы Түркиялык саламаттык, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, академиктер, диний кызматкерлер, ишкерлер жана ахыскалык түрктөр катышышты.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган Түркия мамлекети ахыскалык түрктөргө ар дайым колдоо көрсөтөрүн баса белгилеп, ахыска түрктөрдүн саламаттыгы жана тынчтыгы биз Түркия үчүн маанилүү экендигин белгиледи. Өз кезегинде ооз ачуу тамагын уюштургандарга ыраазычылык билдирип, рамазан айында ахыскалык түрктөр жашаган айылдарды кыдырарын айтты.

Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөр коомунун жетекчиси Атамша Дурсунов, ооз ачуу тамагы биримдикти чыңдоого багытталганын айтты. Өз кезегинде ахыскалык түрктөрдү ар дайым колдоп кубаттаган Түркияга ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар