Кыргызстандагы алдыңкы курорттук шаар: Чолпон-Ата

Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата шаары тарыхый, маданий баалуулуктары жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү туристтерди өзүнө тартат

28 Ocak 2022 17:52

Чолпон-Ата — Ысык-Көл облусундагы курорттук-шаар, Ысык-Көл районунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Бишкек шаарынан 240 км, облустун борбору Каракол шаарынан 135 км. аралыкта жайгашкан. Батышынан Кара-Ой айылы, чыгышынан Бостери айылы менен чектешет.

Шаарда бир катар мейманканалар, санаторийлер жайгашкан.

Чолпон-Ата петроглифтер музейи

Музейдин 42,0 га корголгон зонасында кыргыздардын баа жеткис маданий мурастары сакталган. Алардын ичинен өзгөчө кызыктыруучу экспонаты аскага тартылган сүрөттөр, башкача айтканда петроглифтер. Бул сүрөттөр 2—3 миң жыл илгери тартылган болсо да тарткан сүрөтчүлөрдүн таланты таң калтырат, алар аңчылык учурун, тиричиликти чагылдырган сүрөттөрдү абдан таасын беришкен.  

Сүрөттөрдө буканын, иттин, жолборстун, камандын, жаачылардын, коёндордун, төөлөрдүн, жырткыч айбанаттардын, уруулук эн тамгалардын, тулку бою орнаменттештирилген эчкилердин, бугулардын, ошондой эле сактардын акинактын кыска кылыч куралы сүрөттөрү кездешет.

Чыңгыз Айтматов атындагы  «Рух Ордо»  музейи

Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо»  музейи туристтерге өзгөчө маанай тартуулайт.

Кыргыз бермети Ысык-Көлдүн жээгиндеги  «Рух Ордо»  музейи ачык асман алдындагы өзгөчө комплекс. Ал 4,5 га аянтка салынган.

«Рух-Ордо» музейи кыргыз элинин маданияты жана каада-салты жөнүндө эң кеңири маалыматты камтыйт.

Музей 2002-жылы негизделип, 2007-жылдан тарта кызмат көрсөтө баштаган. 2008-жылы музейге, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган.

Музейге баш баккан адам кыргыз дүйнө таанымынын ушунчалык кенендигине, философиясынын тереңдигине суктанбай койбойт. Адам баласынын айырмачылыктарга караганда окшоштуктары, жалпылыктары көп экендигине ынанат.

Ачык асман алдындагы музейде бир катар расмий иш-чаралар, концерттер жана эл аралык фестивалдар өтүп турат.

Көчмөн элдердин улуу мурасы-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3 ирээт Чолпон-Атада өткөн

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул эл аралык денгээлдеги эң ири долбоор. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адамга берилген цивилизациялык мурас катары, этноспорт жана этномаданиятты өнүктүрүүгө багытталган.

Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында демилгеленген. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин 3 ирээт Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өткөн.

Anahtar Kelimeler: Чолпон-Ата, Кыргызстан,

Жаңылыктар