Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери жабылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү аяктады

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, кечки саат 18:00гө карата шайлоочулардын 33,13%ы президенттик шайлоодо добушун берди.

11 Ocak 2021 00:50

Бүгүн, 10-январда саат 20:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери жабылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү аяктады.

Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ эле.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, кечки саат 18:00гө карата шайлоочулардын 33,13%ы президенттик шайлоодо добушун берди. Президенттик шайлоодо 1 млн 180 миң 515 жаран өз тандоосун кылышты. Ал эми ошол эле саатка карата башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 1 млн 178 миң 656 жаран добушун берди. Ал жалпы шайлоочулардын 33%ын түзөт.

Мыйзамга ылайык, жалпы шайлоочулардын 30%дан ашыгы добуш берсе, референдум өттү деп таанылат.

Эскерте кетсек, президенттикке 17 талапкер ат салышты. Ал эми референдумда өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча маселе көтөрүлдү:

- президенттик башкаруу;
- парламенттик башкаруу;
- бардык варианттарга каршы.

Ал арада Коопсуздук кызматы, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум тынч өткөнүн билдирди.

10-январдагы мамлекет башчысын кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо референдумуна Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ), КМШнын Парламенттик Ассамблеясы, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ), ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы (ЕККУ ПА), Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк Кеңеши), Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ЕКПА), Европа парламенти (AP), Ислам Кызматташтык Уюму, ошондой эле 44 чет өлкөдөн 333 байкоочу көз салды.

Жаңылыктар