Кыргызстандагы керемет: Ала-Арча улуттук паркы

Бишкекке жакын жайгашкан Ала-Арча улуттук паркы туристтер көп барган жерлердин бири.

30 Ağustos 2021 13:07

Ала-Aрча улуттук табият паркы - мамлекеттик тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк. Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түндүк тарапты карай созулуп жаткан Ала-Арча капчыгайын ээлейт. 

Бишкек шаарынан 35 км түштүк тарапта. Аянты 19,4 миң га. Деңиз деңгээли 1600–4200 м бийиктикте; орточо бийиктиги 3300 метр.

Паркты уюштурууга чейин капчыгай аркылуу Суусамыр жайлоосуна малайдалчу жол өткөндүгүнө жана анда шаар калкынын чар жайыт эс алгандыгына байланыштуу, илимий жолго коюлбаган чарбалык пайдалануудан Ала-Aрчанын экосистемасы, айрыкча жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү бир кыйла өзгөргөн.

Парк Аларча капчыгайынын уникалдуу ландшафтын коргоо, табигый өсүшүнө жана калыбына келишине шарт түзүү, ошондой эле ал жерде калктын эс алуусун пландуу уюштуруу максатында 1976-жылы негизделген.

Ала-Aрча жанаша жаткан капчыгайлардан табигый шарты башкача бир топ айырмаланат. Кыргыз Ала-Тоосунун негизги кыркасынан ажырап, түндүктү карай жапыздап, чыгышынан Аламүдүн, батышынан Жыламыш капчыгайларынан бөлүнүп турат. Капталдарын тик аскалар жана коргул таштар ээлеген капчыгайдын рельефи татаал. Жогору жагы төрлөр, жылгалар, тепши сымал өрөөндөр, аскалуу бийик чокулар менен бүтөт.

Anahtar Kelimeler: Ала-Арча улуттук паркы, Кыргызстан,

Жаңылыктар