Кыргызстандагы маанилүү маданий борбор: Талас өрөөнү

Тарыхый жана маданий баалууктарга бай Талас өрөөнү түрк тарыхында маанилүү орунга ээ.

21 Ocak 2022 18:20

Талас өрөөнү кереметтүүлүгү менен көптөгөн адамдарды суктандырып, тарыхы менен таң калтырат.

Түрк элдери мусулмандар менен алгач ирээт Талас өрөөнүндө таанышканы айтылат. 751-жылдагы Тан династиясы жана Араб халифатынын аскерлеринин согуштук беттешүүсү дал ушул Талас аймагында болгон. 748-жылы Тан династиясынын аскерлери Суяб шаарын жана Шашты басып алган. Арабдар Таразды ээлешкен, бирок кытайлардын курчоосунда калган. Араб аскер башчысы Саил ибн Хумейд Абу-Муслимден жардам сураган. Ушундай эле сураныч менен Шаштын кытайлар тарабынан өлтүрүлгөн шаар башчысынын уулу да кайрылган. Абу-Муслим Таразга Зияд ибн Салихтин башчылыгы алдында аскерлерин жиберген. Алардын алдынан Суябдан Чао Сянджи башкарган жүз миңдей Тан аскерлери тосуп чыккан. Алар Талас суусуна жакын Атлах шаарынын жанында беттешкен. Бир нече күндүк кармашуудан кийин Тан аскерлери чоң жоготууларга учурап, жеңилген.

Бул тарыхый салгылашуу жергиликтүү калктардын арабдар тарабында согушкандыгынын гана күбөсү болбостон, Кытайдын толугу менен артка чегинишинин жана Азяинын Тан империясынан көз карандысыздыгын бекемдеген.

Талас өрөөнү Манас атабыз менен кут конгон өрөөн болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Талас эң жаш, эң кооз шаарлардын бири.

Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси

Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси – Талас областынын, Ташарык айылында жайгашкан. Алгач «Манас» коругу болуп келген. 1995-жылы БУУнун жардамынын негизинде «Манас» эпосунун 1000 жылдык маарекеси дүйнөлүк масштабда өтүп, Манас Ордо комплекси болуп негизделген. 2001-жылы министрлер кеңешинин чечими менен Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси болуп атала баштаган.

Комплексте көптөгөн объектилер курулган. Алар: администрациялык корпус, Манас таануу борбору, автоунаалар жайы, Манастын кырк чоросун чагылдырган көпүрө же арка, оң тарапта “Манас ата” гүлзарбагы, гүлзарбактын ичинде Манас жана анын кырк чоросунун айкели чагылдырылган, сол тарапта Манас айылы, 2 кабаттан турган “Манас” эпосунун музейи, Манастын күмбөзү, Манас кароол чокусу, элдик даарыгерлер борбору, түлөөкана, улуттук ат оюндары ойнолуучу “ат майданы” ж.б. кичи объектилер жайгашкан.

Талас өрөөнүн маанилүү кылган дагы бир өзгөчөлүк – дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Таласта туулуп-өсүшү. Талас өрөөнүнүн тарыхы, маданияты жана элдин күнүмдүк турмушу анын романдары аркылуу дүйнөлүк океанга ачылган.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Талас өрөөнү,

Жаңылыктар