Кыргызстандагы маданий мурас: Бурана мунарасы

Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан Бурана мунарасы Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан тарыхый жана маданий мурастардын катарын толуктайт.

21 Nisan 2021 12:16

Кыргызстан тарыхый жана маданий баалуулуктарга бай өлкө. Алардын бири ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Чүйдөгү байыркы шаар калдыктары. Дал ошол шаардагы Бурана деп аталган тарыхый эстелик бүгүнкү күнгө чейин келип жеткен.

Бурана- Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик. Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарынан 15 км түштүк-батышта жайгашкан.  Мунара аймактагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде Х кылымдын аягы–ХI кылымдын башында курулган.

Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон. Ал эми ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Бийиктиги 24 метр.

Бурананын айланасында курулуштун калдыктары чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Карахандар мамлекетинин борбору Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт.  

Шаарда бир нече имaраттар болгон, баары бузулуп, бүгүн мунара гана сакталып калган. 1971–76-жылдары Бурана оңдолуп, калыбына келтирилген жана айланасына балбал таштарды өлкөнүн ар кайсы аймагынан чогултуп келип жайгаштырышкан.

Ошондой эле 1,5 метр бийиктиктеги байыркы бышык кыштан курулган күмбөз табылган.

Бурана бүгүнкү күндө туристер көп барган тарыхый аймактардын бири.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Бурана мунарасы, Чүй өрөөнү,

Жаңылыктар